Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 8-сентябры № 604
Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы № 121 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлердин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдуу базалык ставка 7 040 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлердин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 1-36-тиркемелерге ылайык;
2) мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлердин иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү 37-тиркемеге ылайык.
3. Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге төмөнкүлөр төлөнөт деп белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн үстөк жана кошумча акы;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин жашыруун мүнөзү үчүн кызматтык маяналарга үстөк;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте окумуштуулук даражасы үчүн үстөк;
4) эмгек өргүүгө чыгууда эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул;
5) календардык жылдын аягында орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу, анын ичинде «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте киргизүү боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 «Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-ноябрындагы № 621 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондун түзүү жөнүндө» токтомунун 4-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-февралындагы № 46 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 «Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 358 «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 431 «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору жөнүндө» токтомунун 4-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 497 «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө» токтомунун 6-пункту;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 525 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин эмгек акы төлөө шарттары чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 552 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маселелерин жөнгө салуучу айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-октябрындагы № 561 «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына караштуу «Тынчтык» ден соолукту чыңдоо борбору» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө» токтомунун 4-пункту;
10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 612 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 «Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому;
11) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-декабрындагы № 681 «Элдик Курултайдын катчылыгы» мекемесин түзүү жөнүндө» токтомунун 7-пункту;
12) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 732 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 «Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтомунун 1-пункту;
13) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы № 27 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттык сактоо борборунун ишинин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;
14) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 185 «Расмий жана башка документтерди сапаттуу которууну жана редакциялоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;
15) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 228 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 3-пункту;
16) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 256 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;
17) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 267 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 «Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому;
18) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 380 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 «Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
19) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 397 «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун кызматкерлеринин штаттык саны жана эмгек акы төлөө шарттары маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомунун 2-пункту;
20) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-августундагы № 457 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 «Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
21) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 544 «Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу «Агросмарт» санариптештирүү жана маркетинг борбору» мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө» токтомунун 3-пункту;
22) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-сентябрындагы № 556 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;
23) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-декабрындагы № 810 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 «Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому;
24) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы № 5 «Суу ресурстарынын бассейн башкармалыктарын түзүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;
25) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-февралындагы № 50 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 «Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому;
26) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321 «Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ишинин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту;
27) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 390 «Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомунун 8-пункту;
28) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы № 446 «Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген айрым кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту;
29) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 531 «Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин айрым маселелери тууралуу» токтомунун 8-пункту;
30) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 549 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;
31) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-сентябрындагы № 586 «Кыргыз Республикасында асыл тукум жылкы чарбасынын ишинин маселелери жөнүндө» токтомунун 6-пункту;
32) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын маселелери жөнүндө» токтомунун 16-пункту;
33) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 607 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин транспорт чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;
34) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-октябрындагы № 661 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 «Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому;
35) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-январындагы № 5 «Саламаттык сактоо чөйрөсүндө санариптик трансформациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;
36) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн, мекемелеринин жана уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө» токтомунун 5-пункту;
37) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-мартындагы № 194 «Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;
38) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-мартындагы № 205 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 «Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому;
39) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 «Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомунун 16-пункту;
40) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 287 «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомунун 3-пункту;
41) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 315 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 «Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
42) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-майындагы № 365 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду» мамлекеттик мекемесин «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти» мамлекеттик мекемесине кошуу жолу менен кайра уюштуруу жөнүндө» токтомунун 8-пункту;
43) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-июнундагы № 402 «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту.
6. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 11-сентябрындагы № 68 (3828) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |