Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык кеңешинин
X чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 26-мартындагы №52
“Жылдызча” мектепке чейинки билим берүү мекемесине канализация, септик жана ашкана куруу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Жылдызча” мектепке чейинки билим берүү мекемесине канализация, септик жана ашкана куруу үчүн каражат карап берүү жөнүндөгү каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Суванованын кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Жылдызча” мектепке чейинки билим берүү мекемесине канализация, септик куруу үчүн 1 068 418 (бир миллион алтымыш сегиз мин төрт жүз он сегиз) сом жана ашкана куруу үчүн 2 966 694 (эки миллион тогуз жүз алтымыш алты мин алты жүз токсон төрт) сом акча каражаттары жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Абибакир у. Ж
|