Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 18-декабырындагы №3
“Дем берүүчү (үлүштүк) грантка сунуштоо жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г.С.Кыдыралиеванын 13.12.2024-жылдагы №01-19/2332 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айылындагы “Чебурашка” мектепке чейинки билим берүү уюмунун 3-корпусун капиталдык оңдоодон өткөрүүнү жана Жаңы-Базар айылындагы “Алтын Өрөөн” мектепке чейинки билим берүү уюмунун айланасын короолоо, көрктөндүрүү жана оюн аянтчаларын курууну дем берүүчү (үлүштүк) грантка сунуштоо боюнча кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айылындагы “Чебурашка” мектепке чейинки билим берүү уюмунун 3-корпусун капиталдык оңдоодон өткөрүүгө жалпы сметалык баасы 4 430 403 (төрт миллион төрт жүз отуз миң төрт жүз үч) сом менен бекитилсин.Бекитилген акча каражатынан 1 329 121 (бир миллион үч жүз жыйырма тогуз миң бир жүз жыйырма бир) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым үчүн 2025-жылдан каржылансын.
2. Жаңы-Базар айылындагы “Алтын Өрөөн” мектепке чейинки билим берүү уюмунун айланасын короолоо, көрктөндүрүү жана оюн аянтчаларын курууга жалпы сметалык баасы 3 758 455 (үч миллион жети жүз элүү сегиз миң төрт жүз элүү беш) сом менен бекитилсин.Бекитилген акча каражатынан 1 127 536 (бир миллион бир жүз жыйырма жети миң беш жүз отуз алты) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым үчүн 2025-жылдан каржылансын.
3. “Чебурашка” мектепке чейинки билим берүү уюму үчүн 3 101 282 (үч миллион бир жүз бир миң эки жүз сексен эки ) сом акча каражаты, “Алтын Өрөөн” мектепке чейинки билим берүү уюму үчүн 2 630 919 (эки миллион алты жүз отуз миң тогуз жүз он тогуз ) сом акча каражаты дем берүүчү (үлүштүк) грантка сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевге тапшырылсын.
Төрага: | М.М.Козубаев |