Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык кеңешинин
X чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 26-мартындагы №54
Ак-Терек айылындагы коомдук мончого, Ак-Терек айылындагы селканаларды тазалоого, Терек-Сай орто мектебинин жанындагы кичи футбол аянтчасын капиталдык ремонттон өткөрүүгө каражат кароо жөнүндө
Терек-Сай айылдык кенешинин 2024-жылдын 08-февралындагы IX чакырылышынын кезексиз XXXXVI сессиясынын № 522 токтомундагы Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылынын ички көчөлөрүн бетондоого бөлүнгөн акча каражатынын багытын Ак-Терек айылындагы коомдук мончонун курулушун бүтүрүүгө, Ак-Терек айылындагы селканаларды тазалоого, Терек-Сай орто мектебинин жанындагы кичи футбол аянтчасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн өзгөртүү зарылдыгы жөнүндөгү каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Суванованын кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык кенешинин 2024-жылдын 08-февралындагы IX чакырылышынын кезексиз XXXXVI сессиясынын № 522 токтомундагы Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылынын ички көчөлөрүн бетондоого бөлүнгөн 3 373 200 (үч миллион үч жүз жетимиш үч мин ) сом акча каражатынын багытын өзгөртүү менен, 916 500 (тогуз жүз он алты мин беш жүз) сом каражатын Ак-Терек айылындагы коомдук банянын курулушун аяктоого, 500,0 мин (беш жүз мин) сом акча каражатын Ак-Терек айылындагы селканаларды тазалоо, шагылдарын ташуу, сүрүү сыяктуу жумуштарды аткарууга, 583,5 мин (беш жүз сексен үч мин беш жүз) сом Терек-Сай орто мектебинин жанындагы кичи футбол аянтчасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн “Эти Бакыр Терексай” жоопкерчилиги чектелген коомунун социалдык пакетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Абибакир у. Ж
|