Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык кеңешинин
X чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 26-мартындагы №55
Сумсар мектепке чейинки билим берүү мекемесине керектүү каражаттарды алып берүүгө каражат карап берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Сумсар мектепке чейинки билим берүү мекемесине ар бир тайпага кошумча беш баладан алуу зарылдыгына байланыштуу балдарга керектүү каражаттарды алып берүү жөнүндөгү аталган мекеменин жетекчиси Н.Баимбетованын кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Сумсар мектепке чейинки билим берүү мекемесине ар бир тайпага кошумча беш баладан алуу зарылдыгына байланыштуу балдарга керектүү каражаттарды алып берүү үчүн 263 000 (эки жүз алтымыш үч мин) сом пландан ашыкча аткарылган акча каражатынын эсебинен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Абибакир у. Ж
|