Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 18-декабырындагы №4
“Акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г.С.Кыдыралиеванын 17.12.2024-жылдагы №01-19/2371, №01-19/2372 чыгыш сандуу кайрылуулары жана Бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын № 1-2-справкалары менен таанышып жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына 2024-жылдагы бекитилген бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынан Башкы-Терек айылындагы реконструкциялоодон өтүп жаткан кампанын курулуш иштеринин долбоор сметага киргизилбей калган кошумча жумуштарын аткаруу үчүн сметада көрсөтүлгөн 222 697 (эки жүз жыйырма эки миң алты жүз токсон жети) сом, Айгыр-Жал айылынын борборун реконструкциялоодо долбоор сметага киргизилбей калган кошумча жумуштарды аткаруу үчүн сметада көрсөтүлгөн 259 231 (эки жүз элүү тогуз миң эки жүз отуз бир) сом акча каражатын бөлүнүп берүүдө мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу ФЭБ башчы К.Темирбековго милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин Бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевге тапшырылсын.
Төрага: | М.М.Козубаев |