Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык кеңешинин
X чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 26-мартындагы №58
Терек-Сай орто мектебине от жагуучу кызматкерлер үчүн жуунуучу бөлмө, кароолчуларга күзөткана жана мектептин кире беришиндеги аянтчаны капиталдык ремонттон өткөрүүгө каражат карап берүү жөнүндө.
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Терек-Сай орто мектебине от жагуучу кызматкерлер үчүн жуунуучу бөлмө, кароолчуларга күзөткана жана мектептин кире беришиндеги аянтчаны капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндөгү аталган мекеменин жетекчиси Г.Шералиеванын кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Терек-Сай орто мектебине от жагуучу кызматкерлер үчүн жуунуучу бөлмө курууга 440 000 (төрт жүз кырк мин) сом, кароолчуларга күзөткана курууга 350 000 ( үч жүз элүү мин) сом жана мектептин кире беришиндеги аянтчаны капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 304 120 (үч жүз төрт мин бир жүз жыйырма) сом пландан ашыкча аткарылган акча каражатынын эсебинен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Абибакир у. Ж
|