Редакцияот 18.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2024-жылдын 18-декабырындагы №5

 

“Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө”

 

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г.С.Кыдыралиеванын 16.12.2024-жылдагы №01-19/2353, 18.12.2024-жылдагы №01-19/2394 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл аймагына 2024-2025-жылдары күз-кыш мезгилдерине жергиликтүү калкты арзан көмүр менен камсыз кылууда дизелдик күйүүчү май сатып алууга керектүү акча каражатын жана Ак-Таш айылынданы Маданият участогуна Чаткал дарясынан өтүүчү асма көпүрөнүн оңдоп түзөө иштерин аткаруу үчүн өзгөчө кырдал катары түз келишим менен жасатууга чечим кабыл алып берүүнү Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо боюнча кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Каныш-Кыя айыл аймагына 2024-2025-жылдары күз-кыш мезгилдерине жергиликтүү калкты арзан көмүр менен камсыз кылууда дизелдик күйүүчү май сатып алуу үчүн жалпы сметалык баасы 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражаты жана Ак-Таш айылындагы Маданият участогуна Чаткал дарясынан өтүүчү асма көпүрөнүн оңдоп түзөө иштерин райондук жарандык комиссиянын жеринен таанышып өзгөчө кырдаал катары түзүлгөн актынын негизинде оңдоп түзөө иштерин түз келишим менен жасатуу Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.

 

2.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевге тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага:

М.М.Козубаев