Редакцияот 29.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 29-январы № 43

Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн  2025-жылга  социалдык - экономикалык  өнүктүрүү  программасынын аткарылышы жөнүндө   маалыматы жана 2026-жылга  социалдык-экономикалык өнүктүрүү  программасын бекитүү

 

            Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик  администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  Мыйзамынын 34  - беренесинин 2- пунктуна  ылайык айыл өкмөтүнүн СЭӨБнүн башчысы Э.М.Машланованын2025-жылдын   социалдык экономикалык өнүктүрүү программасынын аткарылышы жөнүндө маалыматын  угуп   жана айыл өкмөтүнүн 2026-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү  программасын талкуулап чыгып  Орто-Кайыңды айылдык кеңеши токтом кылат :

      1.Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн  2025-жылдын  социалдык –экономикалык  өнүктүрүү программасынын аткарылышы маалыматка алынсын.                                                 

 2.Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн 2026-жылга  сунушталган социалдык – экономикалык өнүктүрүү программасы толуктоолор жана өзгөртүүлөр менен кезектеги сессияда каралсын.                                  

  3. Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы   бюджет, каржы ,                       экономика, салык жана муниципалдык менчик  боюнча  депутаттык туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

К.Мырзагелдиев