Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык кеңешинин
X чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 26-мартындагы №59
“Терек-Сай” муниципалдык ишканасына техникаларына керектүү тетиктерин,мусор ташыганга мотоцикл алууга жана жайыттын инфраструктурасын жакшырууга каралган жумуштарга каражат карап берүү жөнүндө
“Терек-Сай”муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Жолдошбековдун ишканадагы техникаларга өз мезгилинде керектүү тетиктерин (запчасть), элдин мусор ташыганга болгон муктаждыгын жоюуу үчүн мотоцикл алууга жана жайыттын инфраструктурасын жакшыртууга каралган жумуштарга каражат карап берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Терек-Сай”муниципалдык ишканасындагы техникаларга керектүү тетиктерди (запчасть), мусор ташыганга мотоцикл алууга 500 000 (беш жүз мин) сом жана жайыттын инфраструктурасын жакшыртууга каралган жумуштар үчүн 410 000 (төрт жүз он мин) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Абибакир у. Ж
|