Редакцияот 29.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 29-январы № 44

Орто-Кайыңды айыл аймагында  көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө

 

            Кыргыз Республикасынын  “ Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө “ Мыйзамынын 8 – беренесине , Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  “ Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин  бекитүү жөнүндө”  № 502 -токтомуна жана Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Орто-Кайыңды айылдык кеңеши токтом кылат :

         1.Орто-Кайыңды айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

         2.Ушул токтом  каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын  ченемдик-укуктук  актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын  юстиция Министирлигине   жөнөтүлсүн.

         3. Бул токтомдун  аткарылышын   көзөмөлдөө жагы Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э.Баязовага   жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

К.Мырзагелдиев