Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык кеңешинин
X чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 26-мартындагы №60
«Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жылдык иш планын, жайытты пайдалануучулардын жайыт жерлерин пайдаланууда 2025-жылга карата жайыт акы төлөмдөрүн бекитүүчү жөнүндө”
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жылдык иш планын жана жайыт жерлерин пайдаланууда жайыт пайдалануучулардын 2025-жылга карата жайыт акы төлөмдөрүн (тарифин) бекитип берүү жөнүндөгү “Терек-Сай” муниципалдык ишканасынын жайыт адиси Н.Смановдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жылдык иш планы “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесине ылайык бекитилсин.
2.Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жайыт жерлерин пайдаланууда жайыт пайдалануучулардын 2025-жылга карата жайыт акы төлөмдөрү төмөнкүдөй болуп бекитилсин:
к/№ | Мал-жандыктын аталышы | Жайыт акы төлөмдөрү (тариф) | ||||
Терек-Сай айылы | Шекафтар, Сумсар, Кызыл-Токой | Башка айыл өкмөттөн келген малдарга | Башка айыл өкмөттөн келген мал жандыктардын 6 айдан ашкан төлүнө жарым пайызын төлөө | |||
1. | кой | 13 сом | 6 сом 50 тыйын | 50 сом |
| |
2. | эчки | 13 сом | 6 сом 50 тыйын | 50 сом |
| |
3. | жылкы | 65 сом | 65 сом | 200 сом |
| |
4. | Кара мал | 65 сом | 65 сом | 200 сом |
| |
5. | козу |
|
|
| 25 сом | |
6. | улак |
|
|
| 25 сом | |
7. | кулун |
|
|
| 100 сом | |
8. | торпок |
|
|
| 100 сом | |
3.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай” муниципалдык ишканасынын жайыт адиси Н. Смановго милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өнөр жай, жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, курулуш, муниципалдык менчик, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Абибакир у. Ж
|