Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 18-декабырындагы №6
“Чаткал райондук Суу чарба башкармалыгына Каныш-Кыя айыл аймагынын балансындагы каналдарды өткөрүп берүү жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г.С.Кыдыралиеванын 11.12.2024-жылдагы №01-19/2295 чыгыш сандуу КР Министрлер Кабинетинин 29.04.2024-жылдагы №207 “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 21.05.2024-жылдагы №171-б сандуу буйругунун негизинде Каныш-Кыя айыл аймагынын балансындагы чарбалык ички арык-каналдарды Чаткал райондук суу чарба башкармалыгана өткөрүп берүү боюнча кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КР Министрлер Кабинетинин 29.04.2024-жылдагы №207 “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 21.05.2024-жылдагы №171-б сандуу буйругунун негизинде көрсөтүлгөн Каныш-Кыя айыл аймагынын балансындагы 36 (отуз алты) чарбалык ички арык-каналдар Чаткал райондук суу чарба башкармалыгана өткөрүлүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевге тапшырылсын.
Төрага: | М.М.Козубаев |