Редакцияот 29.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 29-январы № 45

Орто-Кайыңды айыл аймагынын Аксакалдар  сотторунун Регламентин  бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 19-февралындагы № 52 “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренесинин  3-бөлүгүнө, ” Кыргыз Республикасынын  Министрлер  Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга  жана жергиликтүү өз  алдынча  башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп  берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 155 токтомунун 1-тиркемесинин  21-пунктунун 4-пуктчасына жана Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34  - беренесине  ылайык  Орто-Кайыңды айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Орто-Кайыңды айыл аймагынын аксакалдар сотторунун Регламенти № 1  тиркемеге жана  аксакалдар сотторунун курамы  № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин .

2.Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э.Баязовага аксакалдар соттун материалдык-техникалык  жактан камсыз кылуу жүктөлсүн.

2.Ушул токтом  каттого алынсын жана Кыргыз Республикасынын  ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн  Кыргыз Республикасынын  юстиция Министирлигине   жөнөтүлсүн.

3.Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин  социалдык маселелер боюнча  туруктуу комиссиясына   жүктөлөт.

 

Төрага

 

К.Мырзагелдиев