Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык кеңешинин
X чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 26-мартындагы №62
“Шекафтар айылындагы сугат суу менен камсыздоо үчүн суу түтүкчөлөрүн капиталдык ремонттон өткөрүү жумуштары үчүн кошумча каражат карап берүү жөнүндө ”
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Шекафтар айылындагы сугат суу менен камсыздоо үчүн суу түтүкчөлөрүн капиталдык ремонттон өткөрүү жумуштарына акча каражаты жетпей калгандыктан, кошумча акча каражатын карап берүү жөнүндөгү каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Суванованын кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Шекафтар айылындагы сугат суу менен камсыздоо үчүн суу түтүкчөлөрүн капиталдык ремонттон өткөрүү жумуштарына акча каражаты жетпей калгандыктан, кошумча 562 872 (беш жүз алтымыш эки мин сегиз жүз жетимиш эки) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Абибакир у. Ж
|