Редакцияот 29.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 29-январы № 48

Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө Жобону  бекитүү 

 

          Кыргыз Республикасынын  “ Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө “ Мыйзамынын  ,  Кыргыз Республикасынын Президентинин  2024-жылдын 14- октябрындагы  “ Маркумдуу узатуу жана сөөгүн  жайга коюу иши жөнүндө “ Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу “  № 296 - ПЖ  жана Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”   Мыйзамынын 34 - беренесине  ылайык Орто-Кайыңды айылдык кеңеши  токтом кылат :

         1.Орто-Кайыңды айыл аймагында  каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин

         2.Ушул токтом  каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын  ченемдик-укуктук  актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн   Кыргыз Республикасынын  юстиция Министирлигине   жөнөтүлсүн.

          4.Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы жергиликтүү  кеңештин   жер, жайыт , архитектура, курулуш,  экология  боюнча туруктуу   комиссиясынын  төрагасы  С. Нуржановго  жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

К.Мырзагелдиев