Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 9-сентябры № 605
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна өзгөртүү
киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын аймагында өрттөн куткаруу бөлүктөрүнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, оптималдаштыруу жана уюштуруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
– 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
5 | 1) 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып |
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги | 5158 | 514 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппараты | 135 | 40 |
| аймактык бөлүмдөрү | 3999 | 216 |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 1024 | 258 |
| 2) 2027-жылдын 1-январынан тартып |
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги | 5248 | 514 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппараты | 135 | 40 |
| аймактык бөлүмдөрү | 4089 | 216 |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 1024 | 258 |
».
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда, ошондой эле кийинки жылдарга республикалык бюджетти түзүүдө ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 11-сентябрындагы № 68 (3828) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |