Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
2024-жылдын 18-декабрындагы №7
“Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн уставын бекитип берүү жөнүндө”
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г.С.Кыдыралиеванын 16.12.2024-жылдагы №01-19/2355 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн уставын бекитип берүү боюнча кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн уставы бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Кутбидин уулу Бектемирге жүктөлсүн. Иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевге тапшырылсын.
Төрага: | М.М. Козубаев |
| Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн |
Уставы
Биз Каныш-Кыя aйыл aймaгынын жергиликтүү жамааты өз аймагыбызда территориябызда жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгебиз жана өз жooпкерчилигибиз менен чeчүү укугyбyздy жaна милдетибизди сезүү менен;
ата-бабабыздын “Ыpыс алды ынтымак”, “ Көп түкүрсө көл” деген накыл кептерин туу тутуп;
өзүбүздүн территориябыздагы жaшaгaн жepгиликтүү жaмaaттын мүчөлөрүнүн жана башка жарандардын бузулбас биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты курууну камсыз кылууну, адеп-ахлакты тазартууну жана чыңдоону, айыл аймагыбызды өнүктүрүүнү максат кылып;
жергиликтүү жaмaaттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптерин жана эрежелерин күндөлүк турмушка киргизүүнү көздөп, ушул уставды кабыл алабыз.
І. Жалпы жоболор
II.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
III. Жергиликтүү маанидеги маселелер
IV. Жеpгиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкapyyну
жүзөөгө ашырууга түз катышуу формалары
V. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги
Принциптери жана эрежелери
VI. Жеpгиликтүү жамааттын башка тараптар (субъектилер) менен
алака жүргүзүүсүнүн тартиби
VII. Жергиликтүү жамааттарда жарандардын өз алдынча
уюмдашышынын экономикалык - чарбалык негиздери
VIII. Корутунду жоболор