Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 18-декабырындагы №8
“Каныш-Кыя айыл аймагынын балансындагы тарансформаторлорду баалатууга акча каражатын бөлүп берүү жана Жалал-Абад Электро ААКнун балансына өткөрүп берүү жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г.С.Кыдыралиеванын 17.12.2024-жылдагы №01-19/2386 чыгыш сандуу КР Министрлер Кабинетинин 30.04.2022-жылдагы №236 сандуу токтомуна ылайык, Каныш-Кыя айыл аймагынын балансындагы трансформаторлорду Жалал-Абад Электро ААКнун балансына өткөрүп берүү үчүн трансформаторлорду баалатууга көз карандысыз баалоочу жалдоого акча каражатын бөлүп берүү боюнча кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансындагы 24 (жыйырма төрт) даана трансформаторду баалатууга көз карандысыз баалоочунун кызмат акысы үчүн 360 000 (үч жүз алтымыш миң) сом акча каражатын бөлүнүп берүүдө мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу ФЭБ башчы К.Темирбековго милдеттендирилсин.
2. КР Министрлер Кабинетинин 30.04.2022-жылдагы №236 токтомуна ылайык, Каныш-Кыя айыл аймагынын балансындагы 48 (кырк сегиз) трансформатор Жалал-Абад Электро ААКнун балансына өткөрүлүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин Бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.Иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевге тапшырылсын
Төрага: | М.М.Козубаев |