Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 18-декабырындагы №9
“Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетиндеги акча каражаттарын статияларга жылдырып, жумшоого уруксат берүү жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г.С.Кыдыралиеванын 17.12.2024-жылдагы №01-19/2390 чыгыш сандуу 1-2-пунктарынын, ФЭБ башчысы К.Темирбековдун сунушунун негизинде Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген акча каражаттарын статияларга жылдырып, жумшоого уруксат берүү боюнча жана 18.12.2024-жылдагы №01-19/2393 чыгыш сандуу Курулуш айылынын тургуну Өскөнбаева Айнуранын кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинен айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесине бекитилген пландан 22154900 статиясынан 1 746 200 (бир миллион жети жүз кырк алты миң эки жүз) сом жана25121100 статиясынан (субсидияга бөлүнгөн) 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражатын кыскартып, айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратына 22154900 статиясына 1 260 200 (бир миллион эки жүз алтымыш миң эки жүз) сом жана 3111 статиясына 1 486 000 (бир миллион төрт жүз сексен алты миң)сом жалпысынан 2 746 200 (эки миллион жети жүз кырк алты миң эки жүз) сом сача каражаты жылдырылып;
- Кара-Терек жайлоосуна мал өтүүчү көпүрө салуу үчүн 886 000 (сегиз жүз сексен алты миң) сом,
- Айыл аймагына караштуу Жайыт жерлерине жайыт чөптөрүнүн үрөөндөрү себилген жайыт аянттарын кородоо үчүн керектүү материалдарды сатып алууга 600 000 (алты жүз миң) сом акча каражатын жумшоого уруксат берилсин.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинен айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын 3111 статиясынан 3 000 000 (үч миллион) сам акча каражаты кыскартылсын.22154900 статиясына 2 263 500 (эки миллион эки жүз алтымыш үч миң беш жүз) сом, 22221200 статиясына 736 500 (жети жүз отуз алты миң беш жүз) сом акча каражаты жылдырылып;
- Райондук деңгээлде жаңы жылга карата жасалгалоо иштерине жана жаңы жылдык иш-чараны өткөрүүгө 736 500 (жети жүз отуз алты миң беш жүз) сом,
- Айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Базар, Курулуш, Ак-Таш жана Чандалаш айылдарындагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн камсыздандыруудан өткөрүүгө 1 200 000 (бир миллион эки жүз миң) сом,
- Айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү чарбалык ички арык-каналдардын мамлекеттик актыларын алууга 801 600 (сегиз жүз бир миң алты жүз) сом,
- Күтүлбөгөн ар кандай чыгымдарга 261 900 (эки жүз алтымыш бир миң тогуз жүз) сом акча каражатын жумшоодо мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу ФЭБ башчы К.Темирбековго милдеттендирилсин.
-
3. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Курулуш айылынын тургуну Өскөнбаева Айнуранын уулу Акылбеков Нурбакыт химия предмети боюнча Индия мамлекетинде өткөрүлүп жаткан олимпиядага катышып келүү үчүн 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин Бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевге тапшырылсын.
Төрага: | М.М.Козубаев |