Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 18-декабырындагы №10
“Чаткал райондук Электр Тармактар ишканасына кызматтык имарат курууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г.С.Кыдыралиеванын 16.12.2024-жылдагы №01-19/2356 чыгыш сандуу Чаткал райондук Электр Тармактар ишканасына кызматтык имарат курууга жер тилкесин бөлүп берүү боюнча кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад Электр тармактар ишканасынын Чаткал райондук электр тармактар ишканасына кызматтык имарат куруу үчүн 0,30 га жер аянтын камсыздоого тиешелүү комисия түзүлсүн.
2. Мыйзамдуулугун кароодо тиешелүү компетентүү органдар менен жер аянттын тез аранын ичинде камсыздоо Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Б.С.Ашырбаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | М.М.Козубаев |