Загрузка документа…
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине
караштуу Майыптыгы бар адамдардын иштери
боюнча кеңеш жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин (мындан ары – Кеңеш) негизги максаттарын, милдеттерин, функцияларын жана ишинин тартибин аныктайт.
2. Кеңеш Кыргыз Республикасында майыптыгы бар адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылууга тиешелүү маселелерди талкуулоо жана чечүү максатында түзүлгөн туруктуу иштөөчү координациялык жана консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
3. Кеңеш өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, «Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Бириккен Улуттар Уюмунун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Кеңештин ишинин негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) ачык-айкындуулук жана ачыктык;
2) Кеңештин чечимдерди иштеп чыгууда, кабыл алууда жана мониторинг жүргүзүүдө жарандык коомдун пикирин эске алуу;
3) кабыл алынган чечимдердин калыстыгы жана негиздүүлүгү;
4) Кеңештин мүчөлөрүнүн тең укуктуулугу;
5) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери болуп саналган Кеңештин мүчөлөрүнүн Кеңештин чечимдерин аткаруу үчүн жеке жоопкерчилиги;
6) майыптыгы бар адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга багыт алуу.
2-глава. Кеңештин функциялары жана милдеттери
5. Кеңештин негизги функциялары төмөнкүлөр болуп эсептелет:
1) майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, ошондой эле инклюзивдүү жана тоскоолдуксуз чөйрөнү түзүү жаатында мамлекеттик саясатты калыптандырууга жана ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгуу жана коргоо чөйрөсүндө аны колдонуу практикасы;
3) майыптыгы бар адамдардын укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү маселелери боюнча мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, уюштуруу-укуктук формасына карабастан жеке жана юридикалык жактарга сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгуу;
4) майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын ишке ашырууну талдоо, майыптыгы бар адамдардын абалын жакшыртуу маселелери боюнча уюмдардан жана жарандардан келип түшкөн сунуштарды кароо жана жалпылоо;
5) майыптыгы бар адамдардын абалын жакшыртуу маселелери боюнча жеке жана юридикалык жактардан келип түшкөн сунуштарды кароо жана жалпылоо;
6) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик катышуу үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын майыптыгы бар адамдардын абалын жакшыртуу маселелери боюнча маалыматын угуу.
6. Кеңеш жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн төмөнкү милдеттерди аткарат:
1) майыптыгы бар адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын козгогон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун карайт;
2) майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо жана аларды коомго интеграциялоо чөйрөсүндө мамлекеттик программалардын, стратегиялардын жана концепциялардын долбоорлорун карайт;
3) мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкү маселелер боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгат:
- майыптыгы бар адамдардын өз алдынча жашоосу үчүн инклюзивдик коомду түзүү жана шарттарды камсыз кылуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатын жана эл аралык милдеттенмелерин ишке ашыруу;
- майыптыгы бар адамдарды кесиптик жана социалдык адаптациялоо боюнча чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу;
- майыптыгы бар адамдардын эмгекке укуктарын ишке ашыруу жана аларды иш менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү;
- майыптыгы бар адамдарды социалдык, укуктук жана тиричиликтик тейлөө системасын өркүндөтүү;
- эрте кийлигишүү жана жогорку кесиптик билим берүү программаларын кошкондо бардык деңгээлдеги инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүү;
- майыптыгы бар адамдарга карата зомбулуктун бардык түрлөрүн алдын алуу, аныктоо жана ага чара көрүү боюнча чараларды өркүндөтүү;
- майыптыгы бар адамдардын маданий, спорттук жана коомдук жашоого катышуусун камсыз кылуу;
4) коомдо майыптыгы бар адамдарга карата сый мамилени калыптандырууга, ошондой эле тоскоолдуксуз чөйрөнү түзүүнүн зарылдыгы жөнүндө калкка маалымдоого катышат;
5) майыптыктын алдын алуу, майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо жана абилитациялоо системасын өркүндөтүү маселелерин карайт;
6) майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү эл аралык тажрыйбаны изилдейт жана Кыргыз Республикасынын шарттарын эске алуу менен аны ишке киргизүү боюнча сунуштарды киргизет;
7) майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башка маселелерди карайт.
3-глава. Кеңештин укуктары
7. Кеңеш өз ишин жүргүзүүдө төмөнкүлөргө укуктуу:
1) майыптыгы бар адамдарга карата мамлекеттик саясатты ишке ашырууда, алардын укуктарын коргоого, ошондой эле коомго интеграциялоого байланышкан проблемаларды натыйжалуу чечүүдө мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүүгө;
2) майыптыгы бар адамдар үчүн жашоо-тиричиликтин жеткиликтүү жана тоскоолдуксуз чөйрөсүн түзүү боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес, илимий жана башка уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүгө;
3) майыптыгы бар адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин талдоого;
4) аткарылган иштер жөнүндө маалыматты берүү үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын, илимий, коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн жыйналыштарга чакырууга;
5) майыптыгы бар адамдардын укуктарын, аларды кесиптик жана социалдык адаптациялоону, интеграциялоону камсыз кылуу, ошондой эле жашоо-тиричиликтин тоскоолдуксуз чөйрөсүн түзүү маселелери боюнча программаларды иштеп чыгууга катышууга;
6) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жана аларды майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттарга шайкеш колдонуу практикасын талдоого, ошондой эле аларды өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды даярдоого жана мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына киргизүүгө;
7) Кеңешке жүктөлгөн негизги милдеттерге ылайык аналитикалык жана эксперттик иштерди жүргүзүү үчүн Кеңештин убактылуу жана туруктуу жумушчу топторун түзүүгө;
8) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте майыптыгы бар адамдарга карата мамлекеттик саясатты ишке ашырууга, ошондой эле Кеңештин чечимдеринин жана сунуштамаларынын аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө;
9) Кеңештин жыйналыштарында майыптыгы бар адамдардын укуктарын камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан башка уюмдардын жетекчилеринин маалыматын угууга;
10) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана менчигинин түрүнө карабастан башка уюмдардан зарыл болгон материалдарды жана маалыматты суроого.
4-глава. Кеңештин мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
8. Кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кеңештин жыйналыштарында каралуучу маселелер боюнча сунуштарды жана толуктоолорду киргизүүгө;
2) Кеңештин чечимдеринин, сунуштамаларынын жана сунуштарынын долбоорлорун даярдоого катышууга;
3) Кеңеште өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматты жана материалдарды алууга;
4) Кеңеш тарабынан түзүлгөн убактылуу жана туруктуу жумушчу топтордун курамына кирүүгө;
5) Кеңештин ишинин маселелери боюнча өзгөчө пикирин берүү укугун кошкондо каралуучу маселелер боюнча өзүнүн пикирин билдирүүгө;
6) Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө;
7) майыптыгы бар адамдардын укуктарын камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого катышууга.
9. Кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кеңештин жыйналыштарына жана Кеңеш тарабынан түзүлгөн жумушчу топтордун ишине катышууга;
2) Кеңештин чечимдерин, сунуштамаларын жана сунуштарын аткарууга көмөк көрсөтүүгө;
3) келип түшкөн материалдарды өз убагында кароого жана өзүнүн компетенциясынын чегинде алар боюнча корутундуларды даярдоого;
4) ушул Жобонун талаптарын сактоого жана Кеңештин натыйжалуу ишине көмөк көрсөтүүгө.
5-глава. Кеңештин курамы жана анын ишин уюштуруу
10. Кеңештин курамы Кеңештин төрагасынан, анын орун басарларынан жана мүчөлөрүнөн турат. Кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы болуп саналат.
Кеңештин төрагасынын орун басарлары болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык маселелерди тейлеген орун басары жана Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри саналат.
11. Кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитеттин мүчөсү (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык маселелерди тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери (макулдашуу боюнча), ошондой эле майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо чөйрөсүндө иш жүргүзгөн коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү кирет. Кеңештин мүчөлөрү ишти коомдук башталышта жүргүзөт.
12. Майыптыгы бар адамдардын ар түрдүү категорияларынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндө иш жүргүзгөн коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү бул уюмдардын өкүлдөрүнүн жалпы чогулушу тарабынан Кеңештин курамына эки жылдык мөөнөткө шайланат.
Шайлоо майыптыгы бар адамдардын ар түрдүү категорияларынын өкүлчүлүгүн камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен жүргүзүлөт. Жалпы чогулушка сунушталган ар бир категориядан экиден өкүл шайланат.
Майыптыгы бар адамдардын бир категориясынын кызыкчылыктарын коргогон коммерциялык эмес уюмдар макулдашылган талапкерди алдын ала аныктайт. Макулдашуу жок болгон учурда өкүл тиешелүү категорияны билдирген жалпы чогулуштун катышуучуларынын жашыруун добушу менен аныкталат.
Жалпы чогулушта шайлоо жол-жобосуна катышууга уруксат берилген ар бир коммерциялык эмес уюмдан бир ыйгарым укуктуу өкүл катышуу жана добуш берүү укугуна ээ болот.
Бир эле адам Кеңештин курамына катары менен эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт.
13. Кеңештин катчылыгы коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн жалпы чогулушун өткөрүүнү, анын ичинде катышуучуларга кабарлоону, зарыл болгон материалдарды даярдоону уюштурат жана аны өткөрүүнү уюштуруучулук камсыз кылат. Кеңештин катчылыгы өкүлдөрдү көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү укугусуз байкоочу катары жалпы чогулуштун ишине катышат.
14. Коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн жалпы чогулушу майыптыгы бар адамдардын ар түрдүү категорияларынын тең салмактуу өкүлчүлүгүн камсыз кылуунун зарылдыгын эске алуу менен Кеңештин курамына киргизүү үчүн өкүлдөрдүн талапкерлигин аныктоо максатында өткөрүлөт.
15. Кеңештин курамындагы коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү төмөнкү критерийлерге жооп берүүгө тийиш:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин жүргүзүүгө;
2) майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо чөйрөсүндө үч жылдан кем эмес практикалык иш тажрыйбасына ээ болууга.
Кеңештин курамына киргизүү жөнүндө арызда коммерциялык эмес уюм өзүнүн ишинин чөйрөсүн, кызматкерлердин санын, ишке ашырылуучу долбоорлорду, максаттарын жана милдеттерин, жооптуу адамдар жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле өзүнүн дарегин жана байланыш маалыматтарын көрсөтүүгө милдеттүү.
16. Коммерциялык эмес уюмдун өкүлү Кеңештин курамына киргизилбейт, эгерде ал:
1) көрсөтүлгөн критерийлерге шайкеш келбесе;
2) анык эмес маалыматтарды камтыган документтерди берсе.
17. Кеңештин иши зарылдыгына жараша, бирок жарым жылда бир жолудан кем эмес чакырылуучу жыйналыштарды өткөрүү формасында жүргүзүлөт. Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү ага катышкан учурда Кеңештин жыйналышы мыйзамдуу болуп саналат.
Кеңештин жыйналыштарын Кеңештин төрагасы же анын орун басары өткөрөт. Күн тартиби Кеңештин төрагасынын орун басарларынын сунуштарынын негизинде Кеңештин төрагасы тарабынан бекитилет.
Региондордо өзүнүн ишин жүргүзгөн Кеңештин мүчөлөрү Кеңештин жыйналыштарына онлайн режимде аралыктан катышууга укуктуу.
Кеңештин күн тартиби жана жыйналыштын материалдары жыйналыш өтүүчү күнгө чейин үч жумуш күн мурда Кеңештин мүчөлөрүнө жиберилет.
18. Каралуучу маселелер боюнча Кеңештин чечимдери Кеңештин катышкан мүчөлөрүнүн добушунун негизинде кабыл алынат жана иштелип чыккан сунуштамалар жана тапшырмалар менен протокол түрүндө таризделет.
Кеңештин чечимдери мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аларды алган күндөн тартып бир айдын ичинде каралат. Кароонун натыйжалары боюнча аталган органдар Кеңештин катчылыгына маалымат берет.
6-глава. Кеңештин катчылыгынын милдеттери
жана функциялары
19. Кеңештин катчылыгы Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги болуп саналат.
Кеңештин катчылыгы Кеңештин жыйналыштарын уюштурууну жана өткөрүүнү, анын ичинде материалдарды даярдоону, күн тартибинин долбоорун түзүүнү, Кеңештин мүчөлөрүнө жыйналышты өткөрүү жөнүндө кабарлоону, зарыл болгон документтерди жиберүүнү жана жыйналыштын протоколун тариздөөнү камсыз кылат.
Кеңештин катчылыгы өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык маселелерди тейлеген түзүмдүк бөлүмү менен өз ара аракеттенет.
20. Катчылык төмөнкү функцияларды аткарат:
1) Кеңештин жыйналыштарына материалдарды даярдайт жана катышуучуларды чакырат, Кеңештин жыйналыштарынын протоколдорун жүргүзөт жана тариздейт, документтерди жиберүүнү, сактоону жана эсепке алууну уюштурат;
2) Кеңештин чечимдерин, сунуштамаларын жана тапшырмаларын ишке ашырууну уюштуруучулук коштоону камсыз кылат, алардын аткарылышына мониторинг жүргүзөт жана талдайт;
3) жумушчу жана эксперттик топтордун жетекчилерине Кеңештин материалдарын жана чечимдеринин долбоорлорун ыкчам жана сапаттуу даярдоо үчүн көмөк көрсөтөт;
4) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коммерциялык эмес уюмдардан жана башка кызыкдар тараптардан Кеңештин иши үчүн зарыл болгон маалыматты сурайт;
5) Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштарды жалпылайт;
6) жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда Кеңештин ишин маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат;
7) Кеңештин иш кагаздарын жүргүзөт;
8) Кеңештин курамына алардын өкүлдөрүн киргизүү үчүн берилген коммерциялык эмес уюмдардын документтерин кабыл алат жана карайт.
21. Кеңештин атынан кайрылуулар жана башка расмий каттар Кеңештин катчылыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин расмий бланкында таризделет.