Загрузка документа…
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин
курамы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитеттин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн социалдык секторунун башчысы;
Кыргыз Республикасынын агартуу министри;
Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору;
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин майыптыгы бар адамдарды социалдык коргоо маселелерин тейлеген орун басары;
коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн жалпы чогулушунда шайланган, майыптыгы бар адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жана майыптыгы бар адамдардын ар түрдүү категорияларынын кызыкчылыктарын коргогон коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).