Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 18-декабырындагы №11
“Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу бала бакчалардын тарифин мурдагы баа менен калтыруу жана окуучуларга тамак аш уюштуруу жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г.С.Кыдыралиеванын 17.12.2024-жылдагы №01-19/2391 чыгыш сандуу 1-пунктунда КР Министрлер Кабинетинин 28.08.2024-жылдагы №532 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуру жөнүндө” Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 26.09.2024-жылдагы №278-б буйругуна негиз чечим берүүнү жана КР финансы министрлигинин Чаткал финансы башкармалыгынын 20.08.2024-жылдагы №01-16/109 катында КР 11.08.2023-жылдагы №179 “Билим берүү” жөнүндөгү мыйзамынын 26-беренесинин 7-пунктуна жана 28-беренесинин 6-пуктуна ылайык мындан ары бала бакчаларынын тамак ашы ата-энелер тарабынан каржыланарын билдирип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чечим берүү боюнча кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жалпы орто билим берүү мектептеринде 2025-жылдан баштап жергиликтүү бюджеттен 1-класстан 4-класска чейинки балдардын тамактануусуна керектүү акча каражаты көп балалуу жана калктын аярлуу катмарынын балдарына берилсин.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы бала бакчага балдары барган ата-энелердин бала бакчадагы тамак ашына төлөмдөрүн төлөө мурдагы тариф менен (VII чакырылыштын XXXV сессиясынын №4 токтому) калтырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевге тапшырылсын.
Төрага: | М.М.Козубаев |