Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 18-декабырындагы №12
“Кошумча 10 сааттык наристе курактагы тайпа ачууга уруксат берүү жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жер-Капчыгай айылындагы “Бал тил” МЧББУнун директорунун убактылуу милдетин аткаруучу Н.Сатимованын “Бал тил” МЧББУнун жалпы ата-энелер чогулушунун протоколунун негизинде жазылган кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Бал тил” МЧББУна кезекте турган балдардын көптүгүн эске алуу менен кошумча наристе тайпасын ачууга уруксат берилсин. Күнүмдүк тамак-аш жана башка керектүү каражаттар менен камсыздоого керектүү акча каражаттары мыйзам чегинде эсептелинип, Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевге тапшырылсын.
Төрага: | М.М.Козубаев |