Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 18-декабырындагы №13
“Каныш-Кыя муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата таза суу, таштандылар, таштанды чыгаруу үчүн техникалык кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларын бекитип берүү жөнүндө”
“Каныш-Кыя” муниципалдык ишканасынын башчысы У.Орозбаевдин 18.12.2024-жылдагы №34 чыгыш сандуу 2025-жылга карата таза суу, таштандылар, таштанды чыгаруу үчүн техникалык кызмат көрсөтүүлөр боюнча бааларын бекитип берүү үчүн жазган кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Каныш-Кыя” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата таза суу, таштандылар жана таштанды чыгаруу үчүн техникалык кызмат көрсөтүүлөр боюнча баалары 1-2-тиркемегерге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Иш алып баруу “Каныш-Кыя” муниципалдык ишканасынын башчысы У.Орозбаевге тапшырылсын.
Төрага: | М.М.Козубаев |