Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 18-декабырындагы №15
“Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу айылдардын башкы пландарын даярдоо жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г.С.Кыдыралиеванын 11.12.2024-жылдагы №01-19/2287 чыгыш сандуу кайрылуусун жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын “Жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын” Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу айылдардын башкы пландарын даярдоо боюнча отурумунун №1, №2 протоколдору менен таанышып жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чакмак-Суу, Башкы-Терек, Коргон-Сай,Кайың-Суу, Каныш-Кыя, Жер-Капчыгай, Кара-Булак, Айгыр-Жал айылдардын башкы пландарын даярдоо үчүн биринчи кезекте, башкы план түзүлүүчү жер аянтына адистерди тартуу менен геологиялык жана гидрогеологиялык изилдөө жүргүзүү, “Крыгызгипроземден” жердин категориясын, контурун, координаттарын тактоо, тарыхый-маданий эстеликтерди коргоо боюнча республикалык инспекциясынын адистерин тартуу менен тарыхый-маданий мурас объектерге илимий изилдөө, археологиялык казуу жана документтештирүү иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын шаар куруу документтерин иштеп чыгуу боюнча чаралар жөнүндө” №631 Токтомунда “Шаар куруу жана архитектура департаменти, мамлекеттик бюджеттен жана башка булактардан каржылануучу Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын шаар куруу документтерин иштеп чыгуу боюнча жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жалгыс берүүчүсү болуп аныкталсын” – деп көрсөтүлгөн. Ушул токтомго ылайык айыл аймактын жана калктуу конуштардын башкы планын даярдоодо жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жалгыс берүүчүсу катары Чаткал районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы менен келишим түзүлсүн.
2. Каныш-Кыя айылына караштуу “Социализм” участкасы аянты – 148,03 га, Айгыр-Жал айылына караштуу “Кара-Шоро” участкасы, аянты – 159,87 га, Чакмак-Суу айылына караштуу Чакмак-Суу-2 участкасы, аянты – 8,37 га, башкы пландарын аягына чейин бүткөрүү, жер участокторун “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга (трансформациялоо) иш кагаздарын тез арада даярдоо иштерин тийишти компетенттуу органдар менен биргеликте айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу айылдардагы жаңы конуштар түшүүчү жер аянттарын “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “калктуу конуштардын жерлери” категориясына (трансформациялоо) которуу.
Атап айтканда;
1) Башкы-Терек айылындагы жаңы конуш түшүүчү жер аянты – 27,71 га,
2) Чакмак-Суу айылынын чыгыш тарабындагы жаңы конуш түшүүчү жер аянты- 14,18 га,
3) Чакмак-Суу айылынын баш жагындагы жаңы конуш түшүүчү жер аянты – 38,18 га,
4) Коргон-Сай айылынын Жданов участкасы жаңы конуш түшүүчү жер аянты- 26,91 га,
5) Кайың-Суу айылы уч. Таштак жолдун асты жаңы конуш түшүүчү жер аянты– 45,86 га,
6) Кайың-Суу айылы свалка болуучу жер аянты – 8,33 га, 7) Каныш-Кыя айылы уч. Шамалдуу-Сай жаңы конуш түшүүчү жер аянты – 16,75 га,
8) Каныш-Кыя айылы уч. Райцентр торговый точкалар түшүүчү жер аянты – 13,43 га,
9) Жаңы-Базар айылы Аэропорт участкасы жаңы конуш түшүүчү жер аянты – 45,19 га, 10) Курулуш айылы Ат майдан жана Свалка болуучу жер аянты – 7,14 га, 11). Жер-Капчыгай айылы жолдун үстү жаңы конуш түшүүчү жер аянты – 23,24 га, “Кыргызгипроземдин” Жалал-Абад филиалы менен жогоруда көрсөтүлгөн жер аянттарынын категориясын, контурун, координаттарын тактап берүү үчүн эки жактама келишилип түзүлгөн сметага ылайык келишим түзүүгө жана геологиялык жана гидрогеологиялык изилдөө жүргүзүүгө макулдук берилсин. .
4. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун эске алуу менен айыл аймагына караштуу “Афлатун” участкасындагы 400 га жайыттарды узак мөөнөткө пайдалануу (УДП) кирип калган, бул жер аянты “Афлатун” каналы капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, суу менен камсыз болгондуктан, Чаткал райондук суу чарба башкармалыгынын маалыматынын негизинде бул жер аянтын “жайыттын узак мөөнөткө пайдалануу” (УДП) жерлеринен “суугат” жерлер багытына которууга макулдук берилсин.
5. Ошондой эле Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чандалаш, Жаңы-Базар, Курулуш айылдарынын башкы пландарына 2024-жылдын 16-октябрында “Ак Башат” долбоорлоо институтунун өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлгөн отурумда көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр киргизилсин.
.
6. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чандалаш калктуу пунктунун түштүк жагындагы 210 га жайыт эсебиндеги жер аянтын, “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндөгү Чаткал айылдык кеңешинин 5 чакырылышындагы 21 кезексиз сессиясынын 2016-жылдын 12-февралындагы №7 Токтомунун, 7 чакырылышынын 10 кезексиз сессиясынын 2022-жылдын 30-мартындагы №3 токтомунун негизинде иш алып баруу жагын белгиленсин
7. Коргон-Сай айылындагы «Коргон-Сай» чакан ГЭСтин каналдары өтүүчү жер аянтынан 1,2 га чөп чабынды (контуру -570,568), 1,6 га огород (контуру- 575), 0,11 га курулуштар орун алгандыктан, бул жерлердин ордуна башка жактан жер берүү жагы жер ээлери менен макулдашылгандыктан Коргон-Сай айылынын жайыт эсебиндеги 5,48 га жер аянтын, “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “калктуу конуштардын жерлери” багытына которууга макулдук берилсин.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Кутбидин уулу Бектемирге жүктөлсүн. Иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевге тапшырылсын.
Төрага: | М.М.Козубаев |