Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 18-декабырындагы №16
“Жалал-Абад облусунун прокуратурасынын каршылык билдирүүсү жөнүндө”
Жалал-Абад облусунун прокуратурасынын 06.12.2024-жылдагы №24/172-04-11/1-6-01321 чыгыш сандуу Жалал-Абад облусунун прокуратурасы тарабынан, КР Башкы прокуратурасынын коллегиясынын чечимдерин аткаруу максатында, КР Президентинин Указдарынын, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун аткарылуусу боюнча Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдоруна жүргүзүлгөн маниторингдин жыйынтыгынын негизинде 2024-жылдын 19-апрелиндеги №10 жана №5 токтомдору боюнча каршылык билдирүүсү менен таанышып жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан 2024-жылдын 19-апрелинде кабыл алынган №10 жана №5 токтомдору Жалал-Абад облустук прокуратурасынын каршылык билдирүүсүнүн негизде жокко чыгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Кутбидин уулу Бектемирге жүктөлсүн. Иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевге тапшырылсын.
Төрага: | М.М.Козубаев |