Загрузка документа…
АРСТАНБАП - АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги II сессиясынын
2024-жылдын 19-апрелиндеги № 1
“Арстанбап-Ата айылдык Кенешинин Регламентин бекитүү”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын макамы жөнүндө», Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин регламенти бекитилсин. (Регламент тиркелет).
2. Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин регламенти Жалал-Абад областтык Адилет башкармалыгынан каттоодон өткөрүү боюнча тиешелүү материалдарды даярдап каттоодон өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Б.Алыбаевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам..
Төрага |
Т.Көчөров
|