Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 10-сентябры № 327
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2026-жылдын 14-мартындагы № 113 «Ишкердик
субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу
тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө»
Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Жугуштуу оорулардын, жаныбарлар жана адамдар үчүн жалпы оорулардын, жапырт тамак-аштан уулануулардын пайда болушуна жана таралышына жол бербөө, Кыргыз Республикасынын тамак-аш коопсуздугун, ветеринардык-санитардык бейпилдигин камсыз кылуу жана калкынын өмүрүн жана ден соолугун коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 113 «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын:
«11) карантинге алынуучу продукцияларга жана карантинге алынуучу объекттерге ветеринардык, фитосанитардык жана тамак-аш коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан.».
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 11-сентябрындагы № 68 (3828) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |