Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 3-июлу № 460

 

 

2026-2027-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмегин жана Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алуунун көлөмүн жана 2026-2027-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмегин жана Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алуунун көлөмүн бекитүү жөнүндө

 

 

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 54-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) 2026-2027-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмеги жана Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алуунун көлөмү 1-тиркемеге ылайык;

2) 2026-2027-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмеги жана Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алуунун көлөмү 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги:

1) 2026-2027-окуу жылына Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдары жана орто кесиптик билим берүүнүн ведомстволук билим берүү уюмдары боюнча мамлекеттик билим берүү гранттары боюнча билим алуучуларды кабыл алуу планын бекитсин;

2) жогоруда көрсөтүлгөн пландын алкагында педагогикалык багыттар боюнча жогорку кесиптик (бакалавр, адистик) жана орто кесиптик билим берүү программаларына бөлүнүүчү мамлекеттик билим берүү гранттарын (Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарына бөлүнгөн гранттарды кошпогондо) каржылоонун ваучердик механизминин моделин пилоттук апробациялоону жүргүзсүн:

- педагогикалык билим берүү (бакалавр) - 1804 грант;

- педагогикалык билим берүү (адис) - 20 грант;

- билим берүү жана педагогикалык илимдер - 625 грант;

3) 2026-жылдын 30-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында мамлекеттик билим берүү гранттарын жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө жыйынды отчетту берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги:

1) 2026-2027-окуу жылында мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде билим алып жаткан адамдардын окуусун каржылоону республикалык бюджетте тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде камсыз кылсын;

2) Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн ведомстволук билим берүү уюмдары боюнча 2026-2027-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттары боюнча билим алуучуларды кабыл алуу планын бекитсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Касымалиев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1-тиркеме

 

2026-2027-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмеги жана Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алуунун КӨЛӨМҮ

Код

Адистик

Гранттардын саны

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги

150

530000

Гуманитардык илимдер (бакалавр)

150

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

125

770000

Аскердик билим берүү (бакалавр)

125

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

20

530000

Гуманитардык илимдер (магистр)

19

580000

Экономика жана башкаруу (магистр)

1

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

510

560000

Саламаттык сактоо (адис)

430

560000

Саламаттык сактоо (бакалавр)

55

Эксперименталдык окуу планы

Медициналык инженерия (бакалавр)

25

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

212

570000

Маданият жана искусство (адис)

202

550000

Педагогикалык билим берүү (бакалавр)

10

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги

8138

510000

Физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика (бакалавр)

324

510000

Физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика (магистр)

35

520000

Табигый илимдер (бакалавр)

192

520000

Табигый илимдер (магистр)

20

530000

Гуманитардык илимдер (бакалавр)

519

530000

Гуманитардык илимдер (магистр)

76

540000

Социалдык илимдер (бакалавр)

115

550000

Педагогикалык билим берүү (бакалавр)

1999

550000

Педагогикалык билим берүү (магистр)

101

550000

Педагогикалык билим берүү (адис)

20

560000

Саламаттык сактоо (адис)

150

570000

Маданият жана искусство (бакалавр)

100

570000

Маданият жана искусство (магистр)

5

570000

Маданият жана искусство (адис)

60

580000

Экономика жана башкаруу (бакалавр)

147

580000

Экономика жана башкаруу (магистр)

105

590000

Маалыматтык коопсуздук (бакалавр)

114

590000

Маалыматтык коопсуздук (магистр)

10

600000

Тейлөө тармагы (бакалавр)

50

610000

Айыл чарбасы жана айыл чарба илимдери (бакалавр)

270

610000

Айыл чарбасы жана айыл чарба илимдери (магистр)

40

610000

Айыл чарбасы жана айыл чарба илимдери (адис)

130

620000

Геодезия жана жерге жайгаштыруу (бакалавр)

65

620000

Геодезия жана жерге жайгаштыруу (магистр)

38

620000

Геодезия жана жерге жайгаштыруу (адис)

30

630000

Геология, пайдалуу кен чыккан жерлерди чалгындоо жана иштетүү (бакалавр)

20

630000

Геология, пайдалуу кен чыккан жерлерди чалгындоо жана иштетүү (магистр)

15

630000

Геология, пайдалуу кен чыккан жерлерди чалгындоо жана иштетүү (адис)

172

640000

Энергетика жана электроэнергетика (бакалавр)

275

640000

Энергетика жана электроэнергетика (магистр)

25

650000

Материалтаануу, металлургия жана машина куруу (бакалавр)

120

650000

Материалтаануу, металлургия жана машина куруу (магистр)

20

650000

Материалтаануу, металлургия жана машина куруу (адис)

20

670000

Транспорт техникасы жана технологиялар (бакалавр)

134

670000

Транспорт техникасы жана технологиялар (магистр)

20

670000

Транспорт техникасы жана технологиялар (адис)

25

680000

Прибор куруу (бакалавр)

30

680000

Прибор куруу (магистр)

15

690000

Электроника, радиотехника жана байланыш (бакалавр)

160

690000

Электроника, радиотехника жана байланыш (магистр)

20

700000

Автоматизация жана башкаруу (бакалавр)

190

700000

Автоматизация жана башкаруу (магистр)

55

710000

Эсептөө техникасы жана маалыматтык технологиялар (бакалавр)

875

710000

Эсептөө техникасы жана маалыматтык технологиялар (бакалавр)

40

720000

Химиялык технология жана биотехнология (бакалавр)

117

720000

Химиялык технология жана биотехнология (магистр)

25

730000

Токой ресурстарын кайталап өндүрүү жана кайра иштетүү (бакалавр)

40

730000

Токой ресурстарын кайталап өндүрүү жана кайра иштетүү (магистр)

10

740000

Азык-түлүк продукттарынын жана керектелүүчү товарлардын технологиясы жана өндүрүшү (бакалавр)

145

740000

Азык-түлүк продукттарынын жана керектелүүчү товарлардын технологиясы жана өндүрүшү (магистр)

20

750000

Архитектура жана курулуш (бакалавр)

400

750000

Архитектура жана курулуш (магистр)

55

750000

Архитектура жана курулуш (адис)

20

760000

Техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология (бакалавр)

105

760000

Техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология (магистр)

30

Эксперименталдык билим берүү стандарты (мындан ары - ЭББС)

Жасалма интеллект жана машиналык окутуу (бакалавр)

15

ЭББС

Суу менеджменти (магистр)

5

ЭББС

Жер менеджменти (магистр)

5

ЭББС

Бизнес-аналитика жана статистика (бакалавр)

25

ЭББС

Бизнес-аналитика жана статистика (магистр)

5

ЭББС

Санариптик укуктар жана интеллектуалдык менчик (магистр)

10

ЭББС

Блокчейн технологиялары (магистр)

10

ЭББС

Саламаттык сактоодогу информатика жана биомедициналык инженерия (бакалавр)

30

ЭББС

Архивтаануу (бакалавр)

15

ЭББС

Математика жана компьютер илимдери (бакалавр)

20

ЭББС

Темир жолдорду эксплуатациялоо (бакалавр)

25

ЭББС

Темир жолдорду эксплуатациялоо (магистр)

5

ЭББС

Энергиянын кайра жаралуучу булактары (бакалавр)

20

ЭББС

Архитектуралык реновация (бакалавр)

20

ЭББС

Киберкоопсуздук (бакалавр)

10

ЭББС

Конфликтология (бакалавр)

5

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына кабыл алууда жеңилдиктер берилген адамдарга берилүүчү гранттар:

 

2026-жылы жалпы республикалык тестте эң жогорку балл алган абитуриенттерди конкурссуз кабыл алуу үчүн гранттардын саны

50

кабыл алуу үчүн гранттардын саны: I, II топтордогу майыптардын ичинен жарандарга, жеңилдиктери жана кепилдиктери боюнча согуштун катышуучуларына теңдештирилген адамдарга, бала кезден майыптарга; майып балдарга, жетим балдарга жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга(*)

500

болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгон адамдардын балдары үчүн гранттардын саны:

- 2002-жылдын 17-18-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда;

- 2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусунда;

- 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкек жана Нарын шаарларында;

- 2010-жылдын 13, 14, 19-майында Жалал-Абад облусунда;

- 2010-жылдын июнунда Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы окуяларда;

- 2021-жылдын апрелинде Баткен облусунда;

- 2022-жылдын сентябрында Баткен жана Ош облустарында, ошондой эле кайрылман статусу бар адамдар үчүн

20

чет өлкөлөрдө жашаган этностук кыргыздар үчүн гранттардын саны

75

мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн гранттардын саны; Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын аткаруу үчүн гранттардын саны

200

Жалпы

10000

Эскертүү (*) Айыл жаштарынын ичинен (айыл мектептерин бүтүрүүчүлөр) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуу тартибине ылайык аныкталган квотанын алкагында гранттык окууга кабыл алынат.

 

 

 

2-тиркеме

2026-2027-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмеги жана Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алуунун КӨЛӨМҮ

Код

Адистик

Гранттардын саны

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги

2341

030000

Гуманитардык илимдер

30

050000

Билим берүү жана педагогикалык илимдер

800

070000

Искусство жана маданият (сүрөт искусствосу жана колдонмо искусство)

80

080000

Экономика жана башкаруу

100

100000

Сервис, туризм жана маалыматтык коопсуздук

35

110000

Айыл чарба жана айыл чарба илимдери

225

120000

Геодезия жана жерге жайгаштыруу

30

130000

Геология, пайдалуу кендерди чалгындоо жана иштетүү

81

140000

Электр жана жылуулук энергетикасы

75

150000

Машина куруу жана материалдар технологиясы

20

190000

Жер үстүндөгү транспорттун техникасы жана технологиялары

145

210000

Электроника, радиотехника жана байланыш системалары

40

220000

Автоматика жана башкаруу

30

230000

Информатика жана эсептөө техникасы

240

240000

Химиялык технологиялар

20

250000

Токой ресурстарын калыбына келтирүү жана кайра иштетүү

10

260000

Өнөр жай экологиясы жана биотехнологиялар

60

260000

Өнөр жай экологиясы жана биотехнологиялар (жеңил өнөр жай технологиялары)

60

270000

Архитектура жана курулуш

195

280000

Техносфералык коопсуздук жана жаратылышты жайгаштыруу

50

Эксперименталдык билим берүү стандарты

Гидротехникалык курулуш

15

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

1270

060000

Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер

1270

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

410

070000

Искусство жана маданият (сүрөт жана колдонмо искусство)

96

070000

Искусство жана маданият (искусствотаануу)

24

070000

Искусство жана маданият (маданияттаануу жана социалдык маданият)

56

070000

Искусство жана маданият (музыкалык искусство)

186

070000

Искусство и маданият (сахналык искусство)

40

110000

Сервис, туризм маалыматтык коопсуздук

8

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги

60

160000

Аэронавигация жана авиациялык жана ракеталык-космостук техниканы эксплуатациялоо

60

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

25

050000

Билим берүү жана педагогикалык илимдер (дене тарбия жана спорт)

25

080000

Экономика жана башкаруу

25

Бардыгы

4131