Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 9-сентябры № 606
Кыргыз Республикасынын аймагына балык үчүн тоюттарды ташып кирүүгө (импорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө
Балык үчүн тоюттардын ата мекендик өндүрүшүн өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү жана дем берүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, аквакультураны өнүктүрүү, ошондой эле ички рыноктун импорттук продукцияга көз карандылыгын төмөндөтүү максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөрдү кошпогондо, «башкалар» 2309 90 товардык субпозициясындагы балык үчүн тоюттарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө (импорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин:
1) балык үчүн тоюттарды:
– Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагында өндүрүлгөн;
– Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу бажы транзитинин бажы жол-жобосуна жайгаштырылган;
– адистештирилген, илимий изилдөөлөр, селекциялык жана эксперименттик максаттар үчүн ташып келинген;
– мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин алкагында жеткирилген;
– Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүлгөн жана 2026-жылдын 11-сентябрына чейин бажы транзитинин бажы жол-жобосуна жайгаштырылган;
– Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын тиешелүү жазуу жүзүндөгү ырастоосунун негизинде импорттоочулар тарабынан 2026-жылдын 9-сентябрына чейин төлөнгөн;
2) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин тиешелүү жазуу жүзүндөгү ырастоосунун негизинде «башкалар» 2309 90 товардык субпозициясындагы балык тоюттары үчүн чийки затты.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги:
1) балык үчүн тоюттардын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнүн тизмегин түзсүн жана актуалдаштырсын;
2) ички рыноктун балык үчүн тоюттар менен камсыз болушуна мониторинг жүргүзсүн;
3) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн балык үчүн тоюттарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүнүн (импорттоонун) бузулушун алдын алууну жана болтурбоону камсыз кылсын;
4) кызыкдар мамлекеттик органдар менен биргеликте ата мекендик өндүрүштү жана балык үчүн тоюттарды экспорттоону өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча чараларды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында мамлекеттик колдоо чараларын көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги бул токтом күчүнө кирген датадан тартып Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн балык үчүн тоюттарды мыйзамсыз ташып келүүгө (импорттоого) бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 10-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |