Загрузка документа…
АРСТАНБАП - АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги II сессиясынын
2024-жылдын 19-апрелиндеги № 5
“Арстанбап-Ата айыл аймагынын Чарбак айылынын №36 С.Балтабаев атындагы орто мектебине 0,80 га жер аянтын кошуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 17.01.2020-жылдагы №12-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга башка ѳзгѳртүүгѳ документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткѳн эксплуатациялоого берилүүчү объектердин шайкештигин баалоо жѳнүндѳгү жобонун 20,23-пунктарына ылайык, жер ээсинин арызынын негизинде Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап-Ата айыл аймагынын Чарбак айылында жайгашкан муниципалдык менчикте турган эски мазардын жер аянтынан 0,80 га жер аянтынын максаттык багыты өзгөртүлүп, №36 С.Балтабаев атындагы орто мектебинин аянтына кошулуп берилсин.
2. Жер ресурстар кызматынын Базар- Коргон филиалынан №36 С.Балтабаев атындагы орто мектебинин аянтына 0,80 га жер аянты кошулуп мамлекеттик акт берүү суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мамарасуловго жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Көчөров
|