Загрузка документа…
АРСТАНБАП - АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги II сессиясынын
2024-жылдын 19-апрелиндеги № 6
“Могол таза суу” муниципалдык ишканасына кызматтык автоунаа берүү жөнүндө”
“Могол таза суу” муниципалдык ишканасынын ыкчам иштөөсүнө колдоо көрсөтүү жана калкты тейлөө сапатын жакшыртуу максатында Арстанбап-Ата айыл аймагынын башчысы А.Адишовдун сунушун угуп жана талкуулап, Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн эсебинде турган “НИВА-2121” маркасындагы мамлекеттик номери 04КG 0020 DA кызматтык автоунаасы “Могол таза суу” муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берилсин.
2. Мыйзам чегинде өткөрүп берүү иш аракеттерин жүргүзүү Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мамарасуловго жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Көчөров
|