СҮЙМОНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Бириккен Сүймонкул Чокморов айылдык кенешинин уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 20 -февралы № 3
“Сүймѳнкул Чокморов айыл өкмөтү” Аламудун району Чүй облусу
мекемесин катоо жѳнүндѳ
20 февраль 2009- жылдагы №57 Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Мыйзамынын 12- беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн – өзүн башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31- беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370“ Кыргыз Республикасынын айыл аймактарын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик – аймактык реформа жүргүзүү жѳнүндѳ” Жарлыгынын негизинде, Сүймѳнкул Чокморов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Фирмалык аталышынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу “Сүймѳнкул Чокморов айыл аймагынын Сүймѳнкул Чокморов айыл өкмөтү Аламүдүн району Чүй облусу” мекемеси каттоодон өткөрүлсүн.
2. Жаңы фирмалык аталышы “Чүй облусу Аламүдүн району Сүймѳнкул Чокморов айыл аймагынын Сүймѳнкул Чокморов айыл өкмөтү” мекемеси
3. Жайгашкан жери өзгөрүүсүз калтырылсын: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Аламүдүн району, Мрамор айылы, Юбилейная көчөсү №1
4. Чүй облусу Аламүдүн районунун Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтү " мекемесинин Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө Сүймөнкул Чокморов айыл өкмүтүнүн башчысы Ниязова Г.Э. жүктөлсүн.
6. Мамлекеттик каттоо жөнүндө токтомдо андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелерди тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
2026-жылдын 19-августундагы https://gagsmsu.kg/wp-content/uploads/2026/08/2024-%D0%B6.%D1%82%D0%BE%D0%BA%D1%82%D0%BE%D0%BC%E2%84%963.pdf расмий сайтында жарыяланды
Сүймөнкул Чокморов айылдык Кеңешинин төрагасы |
Мажитов Н.Б. |