Редакцияот 20.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЙМОНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Бириккен Сүймонкул Чокморов айылдык кенешинин уюштуруу сессиясы

 

2024-жылдын 20 -февралы № 5

Чүй облусунун Аламудун районунун Сүймѳнкул Чокморов айыл

аймагынын Сүймѳнкул Чокморов айылдык кеңешин түзүү жѳнүндѳ

 

“Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29- декабрындагы №370 Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 “ Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик – аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ убактылуу жобону бекитүү жѳнүндѳ” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023- жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды(ѳкүлчүлүктѳрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жѳнүндѳ” Жобону жетекчиликке алып, Сүймѳнкул Чокморов айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй облусунун, Аламүдүн районунун, “Ала – Арча айыл аймагынын Ала - Арча айылдык кеңеши” жана Чүй облусунун, Аламудун районунун “Октябрь айыл аймагынын Октябрь айылдык кеңеши” бириктирүү жолу менен “Сүймѳнкул Чокморов айыл аймагынын Сүймѳнкул Чокморов айылдык кеңеши” мекемеси түзүүлсүн.

 Айылдык кеңештин толук фирмалык аталышы:

-     Мамлекеттик тилде: "Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңеши " мекемеси;

-     Расмий тилде: Учреждение "Суймонкул Чокморов айылный кенеш, Суймонкул Чокморов айылного аймака"

-   Мекеменин жайгашкан жери (юридикалык дареги): Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Аламүдүн району, Мрамор айылы, Юбилейная көчөсү №1

2.     “Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңеши” мекемесинин жобосу бекитилсин.

3.     “Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңеши” мекемесинин юридикалык дареги Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Аламүдүн району, Мрамор айылы, Юбилейная көчөсү №1 болуп аныкталсын.

4. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгын ыраасталат.

5.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

2026-жылдын 19-августундагы https://gagsmsu.kg/wp-content/uploads/2026/08/2024-%D0%B6.%D0%A2%D0%BE%D0%BA%D1%82%D0%BE%D0%BC%E2%84%965.pdf расмий сайтында жарыяланды

 

 

ТӨРАГА

Мажитов Н.Б.