Редакцияот 30.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОНБИР-ЖЫЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

 

2026-жылдын 30-январы № 4

 

“Чүй райондук өнүктүрүү  фондунун жана Чүй облустук өнүктүрүү фондунун каржылоосуна сунушталуучу долбоорлор боюнча жергиликтүү бюджеттен өздүк салым  акча каражатын бөлүү жөнүндө”

 

Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Исаевдин Онбир-Жылга айыл аймагындагы социалдык чөйрөнү өнүктүрүү жана чечүү маселелери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-мартындагы №103 “Чүй райондук фондунун” эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө Жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” токтомунун негизинде, Онбир-Жылга айылдык кеңеши токтом кылат;

1. Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн талап кылынган өздүк салымды бөлүүгө Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн  бюджетинен акча каражатын бөлүүгө уруксат берилсин.

2. Чүй райондук өнүктүрүү фондунан жана Чүй облустук өнүктүрүү фондунан каржыланууга төмөнкү долбоорлор бекитилсин.

• “Прогресс айылына балдар ойноочу аянтча жана Воркаут орнотуу”  долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)

•  “Онбир-Жылга айылына  балдар ойноочу аянтча жана Воркаут орнотуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)

•  “Маданият айылындагы Манас өргөө паркына балдар ойноочу аянтча жана Воркаут орнотуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)

• “Кайырма айылындагы бала бакчанын аянтчасына  балдар ойноочу аянтча орнотуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)

•  “Чоң-Жар айылына балдар ойноочу аянтча орнотуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)

•  “Манипулятор машинасын сатып алуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)

•  “Хово” жүк ташуучу унаасын сатып алуу” долбооруна  200000 (эки жүз миң сом)

•   “Трактор Эксковатор” сатып алуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)

•  “Айыл аймагындагы социалдык мекемелерге көзөмөл байкоо камераларын  сатып алуу орнотуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)

• “ Крематор жабдуусун сатып алуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)

-Чүй райондук өнүктүрүү фондунун каржылоосуна сунушталуучу төмөнкү  долбоорлор боюнча;

•  “Шамшы айылындагы Рысменде уулу Акмат атындагы мектептин чатырын жабуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом).

•  “Айыл өкмөтүнө боз үй сатып алуу “долбооруна  200000 (эки жүз миң сом).

3. Жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлор  боюнча  тиешелүү табыштамалар жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Исаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Н. Анарбаев

 

Эскертүү: тиркеме кагаз түрүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде сакталат.