Редакцияот 18.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОНБИР-ЖЫЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

 

2026-жылдын 18-марты № 7

 

Онбир-Жылга  айыл аймагындагы Жеңиш паркына Сулайманов Абдиметалип ысымын ыйгаруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында географиялык объекттерди атоо, кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, 2026-жылдын 19-февралындагы Онбир-Жылга айылдык кеңеши тарабынан өткөрүлгөн элдик жыйындын жыйынтыгын жана айыл тургундарынын макулдугун, карап чыгып Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзам талаптарын жетекчиликке алып, Онбир-Жылга айылдык кеңеши токтом кылат;

1. Онбир-Жылга аймагында жайгашкан Жеңиш паркына  “Сулайманов Абдиметалип”  атындагы парк деген аталыш ыйгарылсын.

2. Паркка ыйгарылган аталышты тиешелүү документтерге киргизүү жана көрнөк  тактай орнотуу милдети Онбир-Жылга айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

 

Н.Анарбаев