Кожомкул айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-сентябрындагы № 01-4/21 «Сокулук райондук өнүктүрүү фонду тарабынан долбоорду бекитүү жана акча каражаттарын бөлүү жөнүндө» токтому
КОЖОМКУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 9-сентябры № 01-4/21
“Сокулук райондук өнүктүрүү фонду тарабынан долбоорду бекитүү жана акча каражаттарын бөлүү жөнүндө”
Кожомкул айыл өкмөтүнүн башчысы Сартпаев Эдик Омурзаковичтин кайрылуусунда Сокулук райондук өнүктүрүү фондунун «Военно-Антоновка жалпы билим берүү» мектебине кошумча каржылоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө долбооруна катышуу тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап
Кожомкул айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук райондук өнүктүрүү фондунун 2026-жылга бюджетинин долбоору 1500391 бир миллион беш жүз миң үч жүз токсон бирсом суммасында бекитилсин.
2. Өздүк салым 850 391 миң сом ( сегиз жүз элүү миң үч жүз токсон бир сом) сом суммасында бекитилсин.
3. Сокулук райондук өнүктүрүү фондунун 2026-жылга долбоорун даярдоого жана ишке ашырууга Кожомкул айыл өкмөтүнүн башчысына акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кожомкул айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О.Сартпаевке жүктөлсүн.
Төрага |
| Мураталиев У.М. |