Кожомкул айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-сентябрындагы № 01-4/19 «332-контурдагы мамлекеттик жер тилкесин инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында ижарага берүү жөнүндө» токтому
КОЖОМКУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 9-сентябры № 01-4/19
332-контурдагы мамлекеттик жер тилкесин инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин пайдаланууга берүүнүн белгиленген тартибине ылайык, айыл аймагынын экономикалык потенциалын жогорулатуу, инвестицияларды тартуу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү максатында,Кожомкул айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы №535 токтомунун негизинде, мамлекеттик менчик укугу бекитилген 332-контурундагы аянты 0,8 га жер тилкесин Кожомкул айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында ижарага берүү үчүн конкурс өткөрүү маселеси боюнча Сокулук райондук мамлекеттик администрациясына өтүнүч келтирилсин.
2. Жер тилкесининтак чек аралары, аянты жана жайгашкан жери жерге жайгаштыруу жана кадастрдык документтердин негизинде аныкталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү Кожомкул айыл өкмөтүнүн башчысы Сартпаев Э.О. жүктөлсүн.
Төрага |
| Мураталиев У.М. |