Кожомкул айылдык кеңешинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 01-4/13 «№ 446-контурдан айыл чарба жерлеринен 19 га жер аянтын Кожомкул айыл аймагына көрүстөндөрдөгү көмүү жайына өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
КОЖОМКУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 17-апрели № 01-4/13
№ 446-контурдан айыл чарба жерлеринен 19 га жер аянтын Кожомкул айыл аймагына көрүстөндөрдөгү көмүү жайына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4- ноябрындагы №665-токтомуна ылайык, ошондой эле Кожомкул айыл аймагынын калкынын муктаждыгын эске алуу менен, көрүстөндөрдөгү көмүү үчүн жер аянтын бөлүп берүү маселесин карап чыгып, жана Кожомкул айылдык кеңешинин туруктуу жер агрардык маселелер,кыймылсыз мүлк, өнөр жай транспорт боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде Кожомкул айылдык кеңеш токтом кылат;
1. 446-контурдан айыл чарба багынтындагы жерлердин ичинен көрүстөндөрдөгү көмүү жайын уюштуруу үчүн 19 (он тогуз) гектар жер аянтын бөлүп берүүгө Кожомкул айылдык кеңеш макулдугун берет.
2. Бөлүнүп берилген жер аянты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №665-токтомунун негизинде тиешелүү категорияга которууга (трансформациялоого) материалдар даярдалып, Сокулук райондук мамлекеттик администрацияга жөнөтүлсүн.
3. Жер участогунун так чеги, аянты жана жайгашкан жери жерге жайгаштыруу документтери аркылуу аныкталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кожомкул айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Мураталиев У.М. |