Редакцияот 06.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 6-октябры № 1/22-90

Кошумча смета бекитүү жөнүндө

 

Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн негизги эсеп счетундагы киреше бөлүгүнө 12-айдын жыйынтыгы менен пландан ашык түшкөндөрдү тактап Кызыл-Октябрь айылдык кенеши карап талкуулап, киреше чыгаша бөлүгүн тактоо боюнча

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн негизги эсеп счетундагы киреше бөлүгү 2026-жылдын 4-кварталында 11111100 “Салык агентине төлөчү киреше салыгы” элементин 3000,0 миң сомго, 11311300 “Кыймылсыз мүлк салыгы 3гр.” 431,6 миң сомго, 14152200 “Жайыт ижарасы үчүн акы” элементин 200,0 миң сомго,14152400 “Жергиликтүү бюджетке пайда акы” элементин 191,8 миң сомго, 14511110 “Мамлекеттин пайдасына айлантылган кирешелер” элементин 2226,7 миң сомго, 14511400 «Жергиликтүү маанидеги инфрастрктураны өнүктүрүү жана колдо үчүн каражат» элементин 4000,0 миӊ сомго, баардыгы негизги эсеп счетундагы киреше бөлүгү10050,1 мин сомго көбөйтүлсүн.

2. Чыгаша бөлүгүнүн негизги эсеп счетунан жалпы 10050,1 миң сомго көбөйтүлсүн:

-“Аппарат” 70111 бөлүмүнүн негизги эсеп счетунун чыгаша бөлүгү 2026-жылдын 4-кварталында 221546900 элементи 113,0 миң сомго эмгек келишим менен иштеген кызматкерлердин эмгек акысына көбөйтүлсүн.

-“Жайыт” 70429 бөлүмүнүн негизги эсеп счетунун чыгаша бөлүгү 22154900 элементи 200,0 миң сомго көбөйтүлсүн.

-“ТЖК” 70629 бөлүмүнүн негизги эсеп счетунун чыгаша бөлүгү 22154900 элементи 16,0 миң сомго эмгек келишим менен иштеген кызматкерлердин эмгек акысына көбөйтүлсүн.

25111100 элементи 1000,0 миң сомго муниципалдык заказдардын аткарылган иштин актысына 4-кварталга субцидия, 31113320 элементи 189,3 миң сомго Кызыл-Октябрь айылындагы жолдорго асфальт төшөөгө көбөйтүлсүн.

-“Спорткомплекс” 70811 бөлүмүнүн негизги эсеп счетунун чыгаша бөлүгү 22154900 элементи 30,0 миң сомго эмгек келишим менен иштеген кызматкерлердин эмгек акысына 31123290 элементин 3000,0 миң сомго Кызыл-Октябрь айылындагы спорткомплекске жабдууларды сатып алууга көбөйтүлсүн.

-“Бала бакча” 70911 бөлүмүнүн негизги эсеп счетунун чыгаша бөлүгү 22221100 элементин 914,3 миң сомго Ак-Бекет айылындагы жаңы бала бакчага жууркан, матрац, комплект шейшептери, телевизор ж.б., 22221200 элементи 116,0 миң сомго бала бакчага оюнчуктар, 31123290 элементин 3348,0 миң сомго эмерек, жабдууларга көбөйтүлсүн.

-“Средние школы” 70921 бөлүмүнүн негизги эсеп счетунун чыгаша бөлүгү 31113290 элементин 1123,5 миң сомго Ак-Бекет айылындагы мектептин от жаккан жайын оңдоого көбөйтүлсүн.

3.Токтомдун так аткарылышы айыл өкмөт башчысы Н.Ж.Сулаймановко жана социалдык экономикалык өнүгүү бөлүм башчысы Г.Ж. Мадиевага милдеттендирилсин.

 

Кызыл-Октябрь айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

 

А.Т. Карамырзаев