КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-октябры № 1/22-89
Кошумча смета бекитүү жөнүндө
Кызыл-Октябрьайыл өкмөтүнүн негизги эсеп счетундагы киреше бөлүгүнө 9-айдын жыйынтыгы менен пландан ашык түшкөндөрдү тактап Кызыл-Октябрь айылдык кенеши карап талкуулап, киреше чыгаша бөлүгүн тактоо боюнча
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн негизги эсеп счетундагы киреше бөлүгү 2026-жылдын 3-кварталында 11111100 “Салык агентине төлөчү киреше салыгы” элементин 9000,0 миң сомго, 14511400 «Жергиликтүү маанидеги инфрастрктураны өнүктүрүү жана колдо үчүн каражат» элементин 10110,1миӊ сомго көбөйтүлсүн ал эми 14224410 “Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана анын жүгүртүлүшүн жүзөгө ашыргандыгы үчүн жыйым” 30,0 миң сомду азайтуу , баардыгы негизги эсеп счетундагы киреше бөлүгү 19080,1 мин сомго көбөйтүлсүн.
2. Чыгаша бөлүгүнүн 3-кварталына негизги эсеп счетунан жалпы 19080,1 миң сомго көбөйтүлсүн:
-“Аппарат” 70111 бөлүмүнүн негизги эсеп счетунун чыгаша бөлүгү 2026-жылдын 3-кварталында 22111200 элементи 145,2 миң сомго, 22111300 элементи 54,8 миң сомго командировкалык чыгымдарга көбөйтүлсүн.
-“ТЖК” 70629 бөлүмүнүн негизги эсеп счетунун чыгаша бөлүгү 25111100 элементи 970,2 миң сом муниципалдык ишкананын жумушчуларынын эмгек акысына субцидия, 3000,0 миң сом муниципалдык заказдардын аткарылган иштин актысына 4-кварталга субцидия, 31113290 элементи 10560,0 миң сом Бишкек-Торугат трассанын жээгине Кемин шаарынан-Круговойго чейин жана Ак-Бекет айылына күн энергиясы менен жарыктандыруу орнотулгандыгына көбөйтүлсүн.
-“Спорткомплекс” 70811 бөлүмүнүн негизги эсеп счетунун чыгаша бөлүгү 31113290 элементин 1487,1 миң сом Ударник айылындагы спорткомплекстин кошумча жумуштарына көбөйтүлсүн.
-“Бала бакча” 70911 бөлүмүнүн негизги эсеп счетунун чыгаша бөлүгү, 31112290 элементи 2862,8 миң сом Ак-Бекет айылындагы бала бакчанын курулушуна кошумча келишимге көбөйтүлсүн.
3.Токтомдун так аткарылышы айыл өкмөт башчысы Н.Ж.Сулаймановко жана социалдык экономикалык өнүгүү бөлүм башчысы Г.Ж. Мадиевага милдеттендирилсин.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
А.Т. Карамырзаев |