Загрузка документа…
ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
XI-чакырылыштын 21 кезексиз сессиясы
2026-жылдын 8-сентябры № 110
«Шопоков-Унаа» муниципалдык ишканасынын коомдук транспорттук кызматтары үчүн жүрүү акысынын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлундагы №154 «Автомобиль транспорту жөнүндө» Мыйзамынын 11 беренесин жетекчиликке алып, “Шопоков-Унаа” муниципалдык ишканасынын жетекчисинин маалыматын угуп жана талкуулап, муниципалдык коомдук транспорттун ишинин туруктуулугун камсыз кылуу жана ташууларды уюштуруу чыгымдарын эске алуу максатында, Шопоков шаардык кеңеш токтом кылат:
1. Шопоков шаарынын мэриясына караштуу «Шопоков-Унаа» муниципалдык ишканасынын муниципалдык коомдук транспортунда бир жолку жүрүү жол акысы 2026-жылдын 14-сентябрынан тартып төмөнкү өлчөмдө бекитилсин:
-балдар үчүн – 25 (жыйырма беш) сом;
-чоңдор үчүн – 30 (отуз) сом.
2. «Шопоков-Унаа» муниципалдык ишканасы:
Ушул токтомдо белгиленген жүргүнчүлөргө тарифтердин өзгөргөндүгү жөнүндө жана тарифтерди 2026-жылдын 14-сентябрынан тартып колдонууга киргизүү боюнча алдын ала маалымат берүү камсыз кылынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Шопоков шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шопоков шаардык кеңешинин бюджет, финансы, өнөр жай, транспорт, ишкердик жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Бекболотов А.Т. |