Загрузка документа…
ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
XI-чакырылыштын 21 кезексиз сессиясы
2026-жылдын 8-сентябры № 109
Шопоков шаарын Машиностроительная 26 а дарегинде жайгашкан имаратты муниципалдык менчике алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34 беренесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-июлундагы №577-т тескемеснин негизинде, шаардык кеңештин жер маселеси, муниципалдык менчик, турак жай коммуналдык чарба, шаар куруу жана архитектура комиссиясынын маалыматын угуп, Шопоков шаардык кеңеш токтом кылат:
1. Шопоков шаарын Машиностроительная 26 а дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 3 035 м2 жер участогундагы ( идентификациялык коду 7-08-01-0002-0087) 707,6 м2 турак турак жай эмес имараты Шопоков шаарынын мэриясынын менчигине алынсын.
2. Шопоков шаарынын Машинодустроительная көчөсү, 26а дарегинде жайгашкан турак жай эмес имарат муниципалдык мүлк катары кабыл алуу-өткөрүп берүү иштери мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлсүн.
3. Мүлктү мэриянын балансына бухгалтердик жана инвентардык эсепке алуу, анын сакталышын жана максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу, ошондой эле тиешелүү документтерин жол-жоболоштуруу камсыз кылынсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышы Шопоков шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шопоков шаардык кеңешинин жер маселеси, муниципалдык менчик, турак жай коммуналдык чарба, шаар куруу жана архитектура комиссиясынын жүктөлсүн.
Төрага |
| Бекболотов А.Т. |