Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АРСТАНБАП - АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин VIII  чакырылышынын

кезектеги II сессиясынын

 

2024-жылдын 19-апрелиндеги № 8

 

Мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүү жөнүндө.

         2013-жылдын 9-июлундагы №127 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын                  17-мартындагы №145 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө» токтомуна жана 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин кѳлѳмүн эсептѳѳнүн убактылуу методикасын бекитүү жѳнүндѳ” токтомуна ылайык, Арстанбап-Ата айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын II кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:      

 

1.Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктары Арстанбап-Ата аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ келишими бекитилсин жана келишим эки тарап кол койгон күндөн тартып күчүнѳ кирсин.

 

2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктары 3 штат бирдиги менен бекитилсин.

 

3. Түзүлгөн эмгек келишимдин негизинде тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүү, токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жана аткаруу Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовго милдеттендирилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Абдухалиловго тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Т.Көчөров