АРСТАНБАП - АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги II сессиясынын
2024-жылдын 19-апрелиндеги № 9
“Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнө “статист-экономист” кошумча штат бирдигин бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомунун негизинде Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомунун 2-тиркемесинин эскертүүсүн 2-пунктун жетекчиликке алуу менен айыл аймагынын муктаждыгына ылайык, айыл өкмөтүнүн штаттык санына контрактык негизде “статист-экономист” 1(бир) штат бирдиги кошумча киргизилсин.
2. Токтомдун негизинде тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүү, токтомдун аткарылышын камсыздоо Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Мамадалиевге жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Көчөров
|