АРСТАНБАП - АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги II сессиясынын
2024-жылдын 19-апрелиндеги № 10
“Арстанбап-Ата айылдык кеңешине кошумча штат бирдигин бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомунун негизинде Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомунун 5-тиркемесинин эскертүүсүн жетекчиликке алуу менен айылдык кеңештин штаттык санына “катчы-иш кагаздарын жүргүзүүчү” 1(бир) штат бирдиги жана “айдоочу” 1 (бир) штат бирдиги киргизилсин.
2. Айылдык кеңештин штаттык жүгүртмөсүнө киргизип, штат бирдигине ылайык айылык маянасын чегерүү Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Укубаевага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага |
Т.Көчөров
|