Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АРСТАНБАП - АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин VIII  чакырылышынын

кезектеги II сессиясынын

 

2024-жылдын 19-апрелиндеги № 11

 

“Ооган-Талаа айылына жалпы дарыгерлер практикалык борборун ачуу жөнүндө”

Арстанбап-Ата айыл аймагынын башчысы А.Адишовдун Ооган-Талаа айылында курулуп жаткан заманбап ооруканага жалпы дарыгерлер практикалык борборун ачуу тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:      

 

1.  Арстанбап-Ата айыл аймагынын Ооган-Талаа айылында курулуп жаткан оорукана Арстанбап айыл аймагынын жана Сузак районунун Кара-Көл айылынын тургундарына кызмат көрсөтүүсүн эске алып, жалпы дарыгерлер практикалык борбору болуп ачылсын.

 

2. Арстанбап-Ата айыл аймагынын Ооган-Талаа айылында курулуп жаткан ооруканасына жалпы дарыгерлер практикалык борборун ачуу жагы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты Сактоо Министрлигинен суралсын.

 

3.  Токтомдун негизинде тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүү, токтомдун аткарылышын камсыздоо Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовго милдеттендирилсин.

 

4.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө элге билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Жумабаевага жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага

 

                      Т.Көчөров