Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АРСТАНБАП - АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин VIII  чакырылышынын

кезектеги II сессиясынын

 

2024-жылдын 19-апрелиндеги № 12

 

“Арстанбап айылындагы мал базар курула турган 0,12 га жер аянтынын багытын өзгөртүү жөнүндө”

 

Арстанбап-Ата айыл аймагынын башчысы А.Адишовдун 2024-жылдын 15-апрелиндеги №01-10/38 катынын негизинде, Арстанбап айылындагы мал базар курула турган 0,12 га жер аянтынын багытын өзгөртүп жеңил типтеги жабык чакан спорттук зал куруу тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:      

 

1.   Арстанбап айылындагы мал базар курула турган 0,12 га жер аянтынын багыты өзгөртүлүп жеңил типтеги жабык чакан спорттук зал курууга уруксат берилсин.

 

2.   Жеңил типтеги жабык чакан спорттук зал курууга тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жана 0,12 га жер аянтынын багыты өзгөртүлүп мамлекеттик акт алуу Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө элге билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссияна жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага

 

                   Т.Көчөров